Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин болушу, жок эместиги. Эркектен менден кичүү иним бар (Сыдыкбеков). Барга мактанба, жокко шашпа (макал). 2. өт. Бай, жетиштүү, оокаттуу. өлүм бардын малын чачат (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жөнөө, кетүү, жүрүү, бир жакты карай багыт алуу. Кош, Жеңиштай, аман барып, аман кел, Тааныш болсун талабыңа далай жер (Осмонов). Капчыгайды шаңга салган Эр паровоз бараткан (Бөкөнбаев). Айтпады бир жол дебесин, Алдыңа өзүм барайын («Манас»). 2. Белгилүү бир куракка, жаш чегине жетүү, толуу. Эл көзүнө жеңилттиң, Элүү бешке барган жаш (Токтогул). Жашың сегизден жаңы ашты. Сексен жашка бараткан менден көптү биле баштадың (Сыдыкбеков). 3. Терс формада: барба. Батынбоо, киришпөө. Калганы деле жетишет, Эми уурулукка барбагын (Шүкүрбеков). 4. Көмөкчү этиштин милдетин аткарат. Куруган картаң кемпир-чал, Кучактап барып жыгылды (үсөнбаев). Кудайназар абаңдан, Акыл чыкпай баратат («Эр Табылды»).